Биринчи май райондук соту "75чилердин каты" боюнча өкүмдүн чоо-жайын түшүндүрдү

Коом Загрузка... 02 Июль 2026 22:05
IMG_4416.jpeg

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Биринчи май райондук соту "75чилердин каты" боюнча өкүмдүн чоо-жайын түшүндүрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2-июлдагы өкүмү менен Т.К.К., Т. уулу Н. жана З.Т.К. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча; ал эми Т.Б., К.А.А., У.Э.У., А.К.С. жана Д.К.С. ушул эле берененин тиешелүү бөлүктөрү боюнча алардын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан күнөөсүз деп таанылып, акталды.

Ошол эле учурда соттун өкүмү менен Т.К.К., Т. уулу Н. жана З.К.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси жана 326-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү) боюнча күнөөлүү деп табылды. Алардын ар бирине мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги түзөтүү колонияларында жазасын өтөөгө 4 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Ушул эле беренелер менен айыпталып жаткан Т.Б., К.А.А., У.Э.У., А.К.С. жана Д.К.С. да күнөөлүү деп табылып, ар бири мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги түзөтүү колонияларында жазасын өтөөгө 4 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Бирок, Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде сот бардык айыпталуучуларды (Т.К.К., Т. уулу Н., З.К.Т., Т.Б., К.А.А., У.Э.У., А.К.С. жана Д.К.С.) 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуу менен эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотту.

Соттун түшүндүрмөсүнө ылайык, пробациялык көзөмөл иш боюнча кылмыштын аягына чыкпагандыгын, тагырак айтканда, бийликти күч менен басып алууга шарт түзүү — даярдык көрүү стадиясында калгандыгын эске алуу менен колдонулган.

”Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренесине ылайык, сот кылмыштуу ниеттин ишке ашуу даражасын жана айыпталуучулардын өздүгүн эске алып, аларды коомдон обочолонтпой түзөтүүгө мүмкүн деген корутундуга келген. Пробациялык көзөмөл жоопкерчиликтен бошотуу эмес, пробация органынын көзөмөлү астында аткарылуучу кылмыш-укуктук таасир этүү чарасы болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.