Абдупата Маткаликов Өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешине мүчө болду

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 16:40
3939627.0996527b2a72e936960c8519674d06ed.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйында "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө" токтом долбоорун карап, кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиевдин маалыматына ылайык, "Ала-Тоо" депутаттык тобу аталган банктын директорлор кеңешинин курамына Абдупата Маткаликовдун талапкерлигин сунуштаган.

Жыйынтыгында сунуш колдоо таап, Абдупата Маткаликов "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө бекитилди.