Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Монголиянын коргоо министри Батлут Дамбанын эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, Коргоо ведомстволорунун жетекчилери Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы мамилелердин достук мүнөзүн белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана коргоо менен коопсуздук тармагындагы практикалык кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Иш сапардын алкагында Монголиянын Коргоо министрлигинин делегациясы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн бир катар аскер бөлүктөрүнүн жана аскердик объектилеринин ишмердүүлүгү менен да таанышат.