“КАСКО-Extra” унаага келтирилген зыяндын ордун төлөп берет

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 16:30
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.00.10.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. 2026-жылдын март айында жаңы ыктыярдуу камсыздандыруу өнүмү — “КАСКО-Extra” ишке киргизилген. Бул полис айдоочуга өзүнүн унаасына келтирилген зыяндын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган уюмдун төрагасынын орун басары Алима Нурланова билдирди.

Нурланованын айтымында, “КАСКО-Extra” полисинин баасы 2 миң сомду түзөт жана ал бир жылдык мөөнөткө таризделет.

“Төрт ай мурун ОСАГО полиси менен катар “КАСКО-Extra” камсыздандыруусу ишке киргизилген. Жарандар кааласа, камсыздандыруунун бул эки түрүн бир эле учурда тариздей алышат”, — деди ал.

“КАСКО-Extra” полиси төмөнкү учурларда камсыздандыруу төлөмүн алууга мүмкүнчүлүк берет:

  • айдоочу күнөөлүү деп табылган жол-транспорт кырсыгында унаа жабыркаганда;
  • жол кырсыгынын кесепетинен өрт же жарылуу болгондо.