Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Шаар жаңыдан ойгонуп жатканда "Ынтымак Ордодо" эртең мененки жыйындарга даярдыктар башталып, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин кабинетинде жумуш кызыйт.
Бүгүн "Кабар" агенттигинин журналисти министрлер кабинетинин башчысынын иш күнү кантип башталарына күбө болду. Адылбек Касымалиев эртең мененки саат 6:30да жумушка келди. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга кеңсесин көрсөтүп, иш күнү-түнү дебей жүрөрүн айтты.

Касымалиевдин айтымында, ал эртең менен биринчи кезекте компьютерин иштетип, кызматкерлери даярдаган документтерди карап чыгат. Өкмөттүн аппараты дээрлик 24 саат бою иштейт.
Ал иш сапарда жүрсө да, жанында дайыма планшетин алып жүрөт, аны менен учурдагы маселелерди көзөмөлдөп, чечим кабыл алат, документтерге кол коёт.

"Кечинде үйдөн түнкү саат 11 же 12ге чейин токтомдорго кол коё берсем болот. Эртең менен жаңы документтер өз кезегин күтүп турганын көрөм", - дейт минкаб жетекчиси.
Журналисттер менен жолугушуу учурунда минкаб жетекчиси бир нече документтерге кол койду. Алардын арасында Баку саммитине чакыруу боюнча президент Садыр Жапаровго кызматтык кат да бар. Ал ошондой эле министрдин орун басарын дайындоо жөнүндөгү буйрукка кол койду.
"Ачык кабинет" долбоорунун алкагында мамлекеттик органдардын ишин болгонун болгондой, жасалмалуулугу жок, таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Күн бою Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырат. Анда мамлекеттик долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана маселелерди жеринде тез арада чечүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
"Кабар" маалымат агенттиги минкаб жетекчисинин иш күнү тууралуу маалымат берип турмакчы.