Айдоочулардын эсине: Аэропортко барчу жолдо кыймыл убактылуу чектелет

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 18:05
Bishkek-aeroport-zholu.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоонун биринчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анын алкагында 23-июндан 1-июлга чейин "Манас" аэропортунан Манас айылына чейинки Фрунзе көчөсүнүн 8 чакырым аралыгында унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

"Чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында киргизилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде жол толугу менен жабылбайт. Оңдоо иштерине байланыштуу тиешелүү тилкеде жолдун бир гана тарабы этап-этабы менен жабылып турат. Ал эми унаа кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.