Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 3 тик учак иштеп, алар аркылуу куткаруу иштерин ыкчам жүргүзүп, адамдардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү кеңейди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев “Кабар подкастка” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда ӨКМдин карамагында эки Airbus жана бир Ми-8 тик учагы бар. Алар министрликке караштуу “Авиациялык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик ишканасы аркылуу мамлекеттик жана коммерциялык буйрутмаларды аткарып келет.
“Бул учактар мамлекеттик жана коммерциялык буйрутмаларды аткарып жатышат. Анткени, аталган ишкана чарбалык-эсептеги ишкана болгондуктан, булар да акча табыш керек. Себеби, тик учакты оң абалда кармоо арзан нерсе эмес, өтө түйшүктүү, кымбат нерсе. Ошол себептен тик учактар ушундай ижарага берилүү менен иш алып барат. Мурда тиешелүү жерге унаа менен жетип кабар алсак, азыркы күндө байланыш каражаттарынын жардамы, тик учакты колдонуу менен адамдардын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өнүккөн мамлекеттердин катарына киребиз десек, ушундай техникалар бизде болушу керек”,- деди ал.
Министр белгилегендей, тик учактарды ишке даяр абалда кармоо өтө кымбат жана татаал болгондуктан, алар чарбалык-эсеп негизинде иш алып барат. Ошол эле учурда заманбап байланыш каражаттары жана авиациялык мүмкүнчүлүктөр куткаруу иштерин ыкчам жүргүзүүгө шарт түзүүдө.
Чыныбаев өз сөзүндө белнилегендей, өлкөдө авиациянын өнүгүшү үчүн мындай куткаруу кызматтары маанилүү жана бул маселени комплекстүү кароо зарыл.