Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сауд Арабия Падышалыгынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 77 кг салмак категориясында күч сынашып, финалда Ирандын балбаны Амир Абдини 6:1 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.
Эске салсак, Акжол Махмудов 2021-жылы өткөн Ислам шериктештиги оюндарынын да жеңүүчүсү болгон.