Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. 19-21-июнда Алматы шаарында "Казак-кыргыз илимий кызматташтыгы: жалпылыктар жана өзгөчөлүктөр" аттуу илимий-интеграциялык форум өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Казакстандын президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясы тарабынан Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулду.
Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын профессорлору жана илимий кызматкерлери катышты.
Форумдун алкагында эки өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын ортосунда "Талаа цивилизациясын изилдөө боюнча эл аралык консорциум түзүү жөнүндө" макулдашууга кол коюлду.
"Ошондой эле казакстандык изилдөөчү тарабынан "Геосаясий өзгөрүүлөрдүн шарттарындагы казак-кыргыз мамилелери: өнүгүүнүн маселелери жана келечеги" аттуу докторлук диссертация ийгиликтүү корголду. Бул изилдөө кыргыз-казак илимий кызматташтыгынын тарыхындагы алгачкы докторлук диссертация болуп калды", - деп айтылат маалыматта.
Башкы консул Жеңишбек Асанкулов куттуктоо сөзүндө кыргыз-казак илимий байланыштарынын тарыхына токтолуп, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн, академиялык алмашууларды жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Форумдун маданий программасынын алкагында катышуучулар Алматы облусунда жайгашкан Көлсай, Чарын жана Карасаз туристтик жайларына, ошондой эле белгилүү казак акыны Мукагали Макатаевдин адабий-мемориалдык музейине барышты.