Кыргызстанда жер титирөө катталды

Коом Загрузка... 23 Июнь 2026 10:25
729016039_991517743630141_2145118558233323171_n.jpg
copyright icon Сейсмология институту

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Эгин-Жай айылынан 8 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 105 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жердин силкинүсү калктуу конуштарда сезилген эмес.