Өлкөдө 600 конуш жер көчкү коркунучу бар аймактарда жайгашкан

Коом Загрузка... 23 Июнь 2026 10:00
337556471_126618869.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Өлкөдө 600 конуш жер көчкү коркунучу бар аймактарда жайгашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 1109 тилкеде жер көчкү кооптуулугу жогору.

Жер көчкү — адам өмүрүнө жана мүлкүнө олуттуу коркунуч жараткан табигый кырсык. Жер көчкүлөр негизинен узакка созулган жаан-чачындан, кардын эришинен жана сейсмикалык термелүүлөрдөн улам пайда болот.

"Буга байланыштуу ӨКМ жарандарга жер көчкү коркунучу бар аймактарда мал жаюуга, айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жана кооптуу тилкелерде жүрүүгө тыюу салынарын эскертет",-деп айтылат маалыматта.