Англияда робот-курьерлерди колдонуу мыйзамдаштырылышы мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 02 Июль 2026 18:40
WhatsApp Image 2026-06-30 at 13.28.17.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Улуу Британиянын өкмөтү Англиянын жолдорунда жана тротуарларында автономдуу робот-жеткирүүчүлөрдү (курьерлерди) мыйзамдуу түрдө колдонууга уруксат берүүчү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырууда. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ "Guardian" гезитине шилтеме берүү менен билдирди.

Тиешелүү түзөтүүлөр электрдик скутерлер жана башка жеке кыймыл каражаттары жөнүндөгү мыйзам реформаларынын пакетине киргизилиши мүмкүн. Учурда бул роботтор Англиянын бир катар шаарларында колдонулуп жатканы менен, алардын укуктук макамы белгисиз бойдон калууда. Анткени 1835-жылкы Жолдор жөнүндөгү мыйзам мындай унаа каражаттарынын тротуар менен жүрүүсүнө тыюу салат.

Улуу Британиянын Транспорт министрлиги мыйзамды өзгөртүүдө жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу башкы артыкчылык болорун билдирди.

Ошол эле учурда, "Living Streets" кайрымдуулук уюму бул демилгеге каршы чыгып, роботторду массалык түрдө колдонуу жөө жүргүнчүлөргө, өзгөчө кары-картаңдарга, майыптыгы бар жана көрүүсү начар адамдарга кошумча тоскоолдуктарды жаратат деп эскертүүдө. Ага карабастан, роботтору Англиянын бир нече шаарларында иштеп жаткан америкалык "Starship Technologies" компаниясы жаңы эрежелер кабыл алынса алардын санын 10 миңден ашырууну жана Улуу Британияда өндүрүш аянтчасын ачууну пландап жатат.