БУУ: Жасалма интеллект мүмкүнчүлүк менен катар коркунучтарды да жаратат

Дүйнө Загрузка... 02 Июль 2026 17:25
WhatsApp Image 2026-07-02 at 17.23.47.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Бириккен улуттар уюму жасалма интеллект боюнча биринчи көз карандысыз эл аралык илимий докладын жарыялады. Документ БУУнун алдындагы ЖИ боюнча көз карандысыз илимий топ тарабынан даярдалганын Казинформ билдирет.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш дүйнө биринчи жолу ЖИнин мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелчиликтери боюнча көз карандысыз илимий баага ээ болгонун белгилеп, мамлекеттерди бул тармакта эл аралык эрежелерди иштеп чыгууда кечиктирбөөгө чакырды.

Анын айтымында, 40 окумуштуу жана эксперттен турган топ ЖИнин экономикага, коомго жана коопсуздукка тийгизген таасирин талдаган. Докладда технологиянын зор потенциалы менен катар анын мүмкүн болгон коркунучтары да көрсөтүлгөн.

БУУнун маалыматына караганда, ЖИ туура колдонулса саламаттык сактоо, билим берүү, ачарчылык менен күрөш жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу тармактарда өнүгүүнү тездетет. Бирок көзөмөлсүз өнүгүү социалдык жана коопсуздук тобокелчиликтерин күчөтүшү мүмкүн экени эскертилген.

Докладда ЖИ системаларынын мүмкүнчүлүгү тездик менен өсүп жатканына карабай, мамлекеттердин аны жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү артта калып жатканы белгиленет.

Адистер айрым системалар алдоо же туура эмес чечим кабыл алуу сыяктуу тобокел жүрүм-турумдарды көрсөтүшү мүмкүн экенин айтып, көз карандысыз баалоо жана эл аралык жөнгө салуу зарылдыгын белгилешкен.

Ошондой эле ЖИнин пайдасы бардык өлкөлөргө бирдей жетпей турганы, технология негизинен өнүккөн мамлекеттерде кеңири колдонулуп, башка аймактарда жумуш орундарынын кыскарышы жана теңсиздиктин күчөшү мүмкүн экени айтылган.

БУУ жакынкы күндөрү ЖИни башкаруу маселелерин талкуулаган глобалдык диалог өткөрөрүн билдирип, максаты — илимий жыйынтыктарды эл аралык бирдиктүү саясатка айлантуу экенин белгиледи.