Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. АКШ курама командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын 1/16 финалында Босния жана Герцеговинаны 2:0 эсебинде жеңип, турнирдин кийинки айлампасына чыкты.
Оюн АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Клара шаарында өттү. Америкалыктар 45-мүнөттө Фоларин Балогандын жана 82-мүнөттө Малик Тилльмандын голдорунун аркасында жеңишке жетишти.
АКШ курама командасы 24 жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын плей-оффунун айлампасынан өтүп кетти. 2022-жылы Катарда өткөн чемпионатта АКШ 1/8 финалга чыккан. Ал эми АКШ курамасы 2018-жылы дүйнөлүк чемпионатка жолдомо ала албай калган, бирок 2002-жылы чейрек финалга чыккан.
Бул Босния жана Герцеговина үчүн экинчи дүйнөлүк чемпионат болуп саналат жана команданын плей-оффко биринчи жолу чыгышы.
Белгилей кетсек, 1/8 финалда АКШ курамасы Бельгия менен беттешет. Оюн Сиэтлде өтөт.