Аркан тартыш боюнча өлкө чемпионаты өттү

Спорт Загрузка... 28 Апрель 2026 14:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. 25-26-апрель күндөрү Бишкек шаарында аркан тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште жалпы 16 команда ат салышты.

Спортчулар Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан катышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
Эркектер арасында:
1-орун — ИИМдин курама командасы
2-орун — “Ынтымак” командасы (Бишкек ш.)
3-орун — Нарын шаарынын командасы

Кыз-келиндер арасында:
1-орун — “Айкөл” командасы (Жалал-Абад облусу)
2-орун — ИИМ “Спецназ” командасы (Бишкек ш.)
3-орун — “Алмаз” командасы (Чүй облусу)