Арктикада 1930-жылдан берки эң жогорку температура катталды

Дүйнө Загрузка... 06 Июль 2026 17:00
d1a4b418db36da3a28dc250377a60d1de5f4bf84.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Аномалдуу ысык аба ырайы Канаданын Арктика аймагындагы Нунавутка чейин жетип, анда көп жылдык температуралык рекорд жаңыланды. Бул тууралуу Канаданын Улуттук метеорологиялык бюросунун маалымат бюллетенине таянуу менен ТАСС билдирет.

Алсак, 5-июлда Кэмбридж-Бей конушунда абанын температурасы 22,1 градус цельсийге жетип, 1930-жылдагы рекордду (21,7 градус) басып өттү.

Ал эми Корал-Харбордо термометрдин көрсөткүчү 27,1 градуска чейин көтөрүлүп, 2002-жылдагы 24,7 градустук эң жогорку көрсөткүчтү жаңылады. Белгилей кетсек, бул аймактарда июль айынын орточо температурасы адатта 3 градустан 9 градуска чейин гана болот.

Өткөн аптанын аягынан бери Канадада жана АКШда аномалдуу ысык аба ырайы байкалууда. Айрым аймактарда абанын температурасы 45 градус цельсийге чейин көтөрүлдү.