Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Франциянын чыгышындагы Lalique зергерчилик жана айнек өндүрүшү музейинен болжол менен 4 млн еврого бааланган зер буюмдар уурдалды. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, музейден 20га жакын зер буюм жоголгон. Алдын ала эсеп боюнча чыгым 4 млн еврого жакын экени айтылууда.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, кылмышкерлер музейге жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 05:30 чамасында кирип, түз эле зер буюмдар сакталган залга бет алышкан.
Окуя учурунда коңгуроо системасы иштегенине карабастан, шектүүлөрдү кармоого мүмкүн болгон эмес. Күзөт кызматы сигналды тастыктаганга чейин музейге биринчи болуп келген тазалык кызматкери полицияга кабар берген.
Учурда укук коргоо органдары байкоочу камералардын видео жазууларын изилдеп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Lalique музейи 2025-жылдын октябрында Париждеги Лувр музейинде болгон чуулгандуу уурулуктан кийин өзгөчө көзөмөлгө алынган объектилердин бири болуп келген.