Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев U20 курактагы балбандар арасында өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды кабыл алды.
Ведомстводон билдиришкендей, Азия чемпионаты 2026-жылдын 27-июнунан 5-июлуна чейин Таиланддын Паттайя шаарында өтүп, Кыргызстандын курама командасынын балбандары ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүштү.
Алтын медаль ээлери:
- Айхам Абдирасулов – 60 кг (грек-рим күрөшү);
- Иса Шавхатбеков – 65 кг (эркин күрөш);
- Ырысбек Хамдамов – 72 кг (грек-рим күрөшү);
- Муслим Мамыров – 82 кг (грек-рим күрөшү).
Күмүш медаль ээси:
- Мырзакадыр Кулмаматов – 67 кг (грек-рим күрөшү).
Коло медаль ээлери:
- Айдеми Асангазиева – 53 кг (кыз-келиндер күрөшү);
- Асель Жапарова – 65 кг (кыз-келиндер күрөшү);
- Адиль Табылдиев – 70 кг (эркин күрөш);
- Эржан Акылбек уулу – 77 кг (грек-рим күрөшү);
- Раатбек Пайазбеков – 82 кг (грек-рим күрөшү);
- Алишер Өскөнбаев – 130 кг (грек-рим күрөшү).
"Жолугушуунун жүрүшүндө Болотбек Ашыралиев Азия чемпионатында ийгилик көрсөткөн спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктап, бул жеңиштер өлкөдө күрөштүн өнүгүшүнө жана жаш спортчулар үчүн чоң дем-күч болорун белгиледи. Ошондой эле алдыдагы дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык мелдештерде жогорку жыйынтыктарды көрсөтүүгө ийгиликтерди каалады",-деп айтылат маалыматта.