Дүйнөлүк Гран-при: Кыргызстандык жөө күлүк күмүш медаль жеңди

Спорт Загрузка... 06 Июль 2026 09:00
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Адина Самыйбек кызы Чехияда өткөн кыз-келиндер арасындагы жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при турниринде күмүш медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, эл аралык мелдеш 27-июндан 4-июлга чейин Прага шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн 300гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандын намысын коргогон Адина Самыйбек кызы ядро түртүү боюнча күч сынашып, 19 метр 14 сантиметр жыйынтык менен экинчи орунду ээледи. Ал алтын медалдын ээсинен болгону 6 сантиметрге гана артта калган.

Мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун – Чехия (19,20 м);
  • 2-орун – Кыргызстан (19,14 м);
  • 3-орун – Хорватия (17,89 м).