Бишкекте "Жаштык Арена" спорттук комплексинде профессионалдык бокс боюнча эл аралык кече өттү.
Иш-чара WBC – Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин алкагында уюштурулду.
Рингде Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн мушкерлери күч сынашты.
Турнир өлкөдөгү спорттун өнүгүшү үчүн чоң салым кошуу менен жаш спортчуларга дем берүүгө багытталган.
"Кабар" агенттиги мелдештин жүрүшүндөгү эсте каларлык көз ирмемдерди сүрөткө түшүрдү.