Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоодон түшүүчү таш көчкүлөрдөн коргоочу галлереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жана подряддык уюмдардын жетекчилерине курулуш иштерин бекитилген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүткөрүү, техникалык талаптарды так сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, иштерге көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле берилген тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну, курулуш иштерин үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү тапшырды.