Баткендеги сел: Жолдор ачылып, шамалдын кесепеттери жоюлууда

Аймак Загрузка... 28 Июнь 2026 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.06.26. /Кабар/. Күн мурун Баткен облусунда болгон катуу шамалдын жана селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Натыйжада жол каттамдары толугу менен ачылып, учурда автоунаалардын кыймылына эч кандай чектөө жок.

"Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган аймактарда электр берүү калыбына келтирилди. Учурда Бөжөй айылындагы 147 абонентке гана электр энергиясы бериле элек. Бул багыттагы калыбына келтирүү иштери уланууда. Сугат суу үзгүлтүксүз берилүүдө. Суу чарба объектилери штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле байланыш тармагында айрым ишканалардын жана абоненттердин интернет линиялары үзүлгөн. Аларды калыбына келтирүү боюнча оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Баткен шаарында таза суу берүү калыбына келтирилди. Айрым аймактык башкармалыктарда таза суу берүү иштерин калыбына келтирүү боюнча аракеттер жүрүп жатат.

Президенттин өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында облустун Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ошондой эле тиешелүү комиссия катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган турак үйлөрдүн, социалдык объектилердин жана чарбалык курулуштардын санын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун облус аймагында катуу жаандан кийин сел жүрүп, Ош - Раззаков жолу жабылган болчу.