Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Аймак Загрузка... 28 Июнь 2026 13:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 28.06.26. /Кабар/. Күн мурун Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш министри Нурдан Орунтаев катышты. Жаңы имараттын курулушу министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана архитектура тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу багытындагы иштердин алкагында ишке ашырылды.

Курулуш иштери 2025-жылдын күзүндө башталган. Жалпы аянты 271,9 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта жыйындар залы, күтүү залы, архив, кабылдама, "Бирдиктүү терезе" кызматы жана техникалык бөлмөлөр жайгашкан. Заманбап талаптарга ылайык курулган имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин башкармалыктын жамааты эски имаратта иш алып барып келген.