Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Баткен шаарында жарандарга "Түндүк" мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча жарандарга маалымат берилүүдө.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тургундарга президенттин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү көмөк көрсөтүшүүдө.
"Иш-чаранын алкагында адистер тургундарга тиркемеге катталуу, электрондук кызматтарды пайдалануу жана санариптик документтерди колдонуу жолдорун түшүндүрүп, башка актуалдуу маселелер боюнча кеңеш беришүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Дареги: Баткен шаары, М. Нургазиев көчөсү (болжолу - Beeline кеңсеси).