Бишкекке 148 жыл: 1-майда веложүрүш өтөт

Спорт Загрузка... 28 Апрель 2026 09:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Бишкекте 1-майда жазгы веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара борбор калаанын 148 жылдыгына арналат.

Катышууну каалагандар саат 08:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулат. Мында жаш куракка чектөө жок.

Веложүрүштүн маршруту парктан башталып, Чортеков жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен бурулуп, финиш "Газпром-балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинен аяктайт.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталат.

Мэрия белгилегендей, веложүрүшкө байланыштуу саат 9:00дөн 9:40ка чейин жолдор жарым-жартылай жабылат.