Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкекте 5,7 миңден ашуун жогорку класстын окуучулары кесиптик багыт берүү тестирлөөсүнөн өтүштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жаштардын келечектеги кесибин туура тандоосуна көмөк көрсөтүү максатында кесиптик багыт берүү программаларын активдүү ишке ашырып келет.
Кесиптик багыт берүү борбору 2021-жылдын 9-мартында Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен "Иш менен камсыздоого жана кесиптик окутууга көмөктөшүү" программасынын алкагында ачылган.
Борбордун ишинин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
- кесиптик тестирлөө жана жекече консультацияларды өткөрүү;
- ар кыл кесип ээлери менен жолугушууларды уюштуруу;
- ишканаларга жана окуу жайларына экскурсияларды уюштуруу;
- кесиптер жана бош орундар жарманкесине катышуу.
Окуучулардын кызыгууларын жана жөндөмдөрүн баалоо үчүн «Кызыгуу навигатору» жана кесиптик, социалдык жана жеке көндүмдөрдү аныктоо тесттери колдонулат. 2025-жылдын январь–октябрь айларында шаардагы 76 мектептен 5754 окуучу тестирлөөдөн өттү.
Мындан тышкары, окуучулар ар түрдүү кесип ээлери менен жолугушууларга катышышат: отчёттук мезгил ичинде № 75, 91 жана 50 мектептердин 142 окуучусу үчүн 4 жолугушуу уюштурулган. Ал эми № 68 мектептин 92 окуучусу Hyatt Regency Bishkek мейманканасына жана С. Чокморов атындагы № 10 кесиптик лицейине баруу менен эмгек шарттары жана окуу программалары менен таанышышты.
Кесиптер жана бош орундар жарманкеси окуучуларга ар кыл кесиптер жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алууга шарт түзөт. Мисалы, 22-апрелде Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында өткөн жарманкеге 7 мектептен 381 окуучу катышкан, ал эми 2-октябрда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейинде өткөн жарманкеге 10 мектептен 520 окуучу келген. Иш-чаралардын алкагында тестирлөөлөр, оюндар, викториналар жана "Ийгилик сыры" аттуу мастер-класс өткөрүлгөн.
Эмгек министрлигинин кесиптик багыт берүү борбору окуучулардын кызыгууларын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү иштерин улантып, жаштарга кесип тандоодо жана ийгиликтүү карьерага даярдык көрүүдө көмөк көрсөтүп келет.