Бишкекте “Галактика аралык закымдар кудугу” көргөзмөсү ачылат

Маданият Загрузка... 06 Июль 2026 21:50
IMG_4580.jpeg

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөтчү Адель Исмаилханованын ”Галактика аралык закымдар кудугу“ аттуу ретроспективдүү жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспозиция коллаж жана анимация медиумдары аркылуу искусствонун пластикалык жана маанилик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири ачып көрсөтүүгө багытталган. Көрүүчүлөргө түрдүү техникада даярдалган 100дөн ашык чыгарма, анын ичинде санариптик искусство (digital-art), салттуу аналогдук коллаждар, видео-арт жана кайра катмарлоо анимациясы техникасында жаралган тасмалар сунушталат.

Экспозиция аялдардын эмгегине жана тарыхына арналган серияларды, ошондой эле концептуалдык кагаз жана текстиль пейзаждарын бириктирет.

Белгилей кетсек, сүрөтчү өз эмгектеринде экинчилик материалдарды колдонуп, этикалык өндүрүш жана кайра иштетип колдонуу (апсайклинг) принциптерин карманат.

Иш-чара саат 15:00дө башталат. Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 25-июлуна чейин уланат.