Бишкектеги "Ынтымак-2" сейил багында жандуу музыка кечеси өтөт

Маданият Загрузка... 03 Июль 2026 09:00
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун ачык асман алдындагы кезектеги музыкалык кечеге чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 3-4-июль күндөрү саат 19:00дө "Ынтымак-2" сейил багынын амфитеатрында өтөт.

Ага белгилүү чыгармачыл жамааттар жана таланттуу аткаруучулар катышып, элдик жана заманбап эстрадалык чыгармаларды тартуулашат.

Бул маданий долбоор шаардыктардын эс алуусун мазмундуу уюштурууга, улуттук өнөрдү даңазалоого жана жагымдуу үй-бүлөлүк чөйрө түзүүгө багытталган.

Эске салсак, июнь айында мындай кечелер "Ала-Тоо" аянтында ийгиликтүү өткөн.