Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Өлкөдө алгач ирет медицина кызматкерлери тууралуу тартылган "Дарыгер" сериалы жарык көрдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышкан "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында өткөн тасманын жабык көрсөтүүсүндө белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министри тасманын өзгөчө маанисин белгилеп, анын бет ачары Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулганын айтты. Ал өлкөнүн жалпы медицина коомчулугунун атынан тасманы тарткан чыгармачыл топко терең ыраазычылык билдирди.
"Тасмада дарыгерлердин эбегейсиз эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана ар бир адамдын өмүрү үчүн алган зор жоопкерчилиги таасын чагылдырылган. Бул сериал медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын көтөрүп, коомдо бул асыл кесипке болгон сый-урматты арттырууга салым кошот деп ишенем", — деди Дамир Осмонов.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, сериал мамлекеттин колдоосу менен тартылган.
"Бул сериал улуттук кино искусствосунун өнүгүшүнө татыктуу салым кошот деп ишенебиз. Акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин колдоосу менен кино тармагын мамлекеттик каржылоо 10 эсеге көбөйдү. Натыйжада мазмундуу жана сапаттуу долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга мисал катары 2025-жылы "Дарыгер" сериалын тартууга мамлекеттик бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөнүн айтсак болот", — деди министр.
Анын айтымында, сериал министрликке караштуу Кинематография департаментинин Эксперттик кеңеши тарабынан жактырылган.
Белгилей кетсек, сериалды тартуу иштери сегиз айга созулуп, долбоор жалпы 10 сериядан турат. Тасманын режиссёру — Ырыс Окенова. "Дарыгер" сериалын кыргызстандыктар жакын арада УТРК каналынан көрө алышат.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип келет.