Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөдөгү ири музыкалык долбоорлордун бири болгон "Кыргыз тур – 2026" долбоорунун финалдык концерти өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага борбор калаанын миңдеген тургундары жана коноктору катышты. Сахнага белгилүү ата мекендик ырчылар Бегиш, Ulukmanapo, Freeman996, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, KAIBAR жана башка өнөрпоздор чыгып, көрүүчүлөргө таасирдүү концерттик программа менен майрамдык маанай тартуулашты.
Концерт заманбап кыргыз музыкасынын күйөрмандарын бириктирген маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду.
Ошондой эле концерт учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тиешелүү шаардык кызматтар камсыздаганы белгиленди.