Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Бүгүн Тарых музейинде 2 жаңы почта маркасын расмий түрдө колдонууга киргизүү аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын бири — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган. Бул маркалардан кыргыздын каада-салтын, улуттук оюндарын жана көчмөн маданиятын көрүүгө болот.
"Экинчиси – улуу инсандардын урматына чыгарылды. Бул маркаларга кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар залкар адамдар – Жусуп Абдрахманов (125 жылдыгы), Касым Тыныстанов (125 жылдыгы) жана балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын (100 жылдыгы) сүрөттөрү түшүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, "Кыргыз почтасы" ААКтын башкы директорунун орун басары Деңиз Сулайманов, тарыхый инсандардын урпактары жана филателисттер катышты. Салтанаттын негизги бөлүгүндө ардактуу коноктор жана инсандардын урпактары эстелик конверттерге кол тамгаларын коюшту.
Белгиленгендей, жаңы маркалар бүгүнтөн тарта расмий түрдө почта жүгүртүүсүнө киргизилди.