Ысык-Көлдө ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалы өтөт

Маданият Загрузка... 03 Июль 2026 16:40
9f41a774-3321-492b-aa25-dadc3c0892cc.png
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. 16-19-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык кинофестивалы өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган ири маданий иш-чара уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусуна арналат.

Фестивалга ШКУга мүчө сегиз мамлекеттин расмий делегациялары, киноиндустрия өкүлдөрү жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

"Программага ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кинематографиясынын өнүгүүсүн чагылдырган көркөм тасмалар, 2025-2026-жылдардагы кинотасмалардын панорамасы жана Кыргызстандын эл артисти, белгилүү кинооператор Кадыржан Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Фестивалдын жеңүүчүлөрү эл аралык калыстар тобу тарабынан аныкталып, жабылуу аземи сыйлоо аземи жана гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кино тармагындагы кызматташтык, биргелешкен кино өндүрүшү жана тажрыйба алмашуу маселелерине арналган эл аралык тегерек стол уюштурулат.