Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Тогонун тышкы иштер, кызматташтык, африкалык интеграция жана чет өлкөдөгү тоголездер иштери боюнча министри Роберт Дюссе менен жолугушуусу өттү.
ТИМден билдиришкендей, Роберт Дюссе Бишкек шаарына Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргызстанга боло турган расмий сапарына катышуу үчүн келген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тоголез кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Министрлер акыркы жылдары Кыргызстан менен Того ортосундагы байланыштар жанданып жатканын белгилешип, мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстан менен Того ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.