Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аскердик-патриоттук жүрүшүнө 30 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Алар Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Өчпөс от" мемориалына чейин жөө жүрүш жасашты.
Иш-чаранын катышуучулары үчүн салттуу жоокер боткосу сунушталып, майрамдык концерт уюштурулду.