Бишкекте тез жардам унааларына болгон муктаждык 90 пайызга чечилет

Ден соолук Загрузка... 01 Июль 2026 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" деп аталган медиадолбооруна катышууда.

Министрдин иш күнү "Биринчи радиодон" башталды. Ал түз эфирде Кыргызстандын тургундарын кызыктырган эң орчундуу жана маанилүү суроолорго жооп берди.

Андан соң министр аймактык ооруканаларга унааларды тапшыруу аземине жөнөп кетти. Ал жерден министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен биргеликте жаңы унаалардын ачкычтарын расмий түрдө тапшырды.

Буга чейин, Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Саламаттык сактоо министрлигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ичинде кычкылтек аппараттары бар Hyundai үлгүсүндөгү 9 заманбап тез жардам унаасы берилген. Министр бул атайын унаалар кандай бөлүштүрүлөрүн кенен айтып берди.

"Үч унаа Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн убактылуу колдонулат. Бир унааны Боом капчыгайындагы ФАПка жөнөтөбүз. Ал эми калган унаалар аймактарга бөлүштүрүлөт", — деди Дамир Осмонов.

Ошондой эле министр борбор шаардагы тез жардам унааларынын жетишсиздиги маселесине токтолду.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын тез жардам унааларына болгон муктаждыгы 45 гана пайызга камсыз болгон. Бирок жакында дагы 150 унаа келет деп күтүп жатабыз. Бул борбор калаанын автопаркынын жалпы муктаждыгын 90 пайызга чейин жабууга мүмкүндүк берет", — деди ал.

Андан ары министр журналисттерге өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, анын күнү адаттагыдай эле документтерди карап чыгуу жана аларга кол коюу менен башталарын айтты.

Андан соң Дамир Осмонов министрликтин тармактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, медициналык уюмдардын өкүлдөрү жана видеобайланыш аркылуу кошулган аймактык мекемелердин башчылары менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Күндүн экинчи жарымында министр Бишкектеги бир катар медициналык жана фармацевтикалык объектилерди кыдырат. Алардын ичинде "Эл аман" мамлекеттик дарыканалар түйүнү жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту бар.

Министрдин бул жерлерге барышынын негизги максаты — калк үчүн сапаттуу дары-дармектердин баасы канчалык жеткиликтүү экенин жеке өзү текшерүү жана өлкөнүн башкы хирургиялык ооруканаларында медициналык жардам кандай көрсөтүлүп жатканына баа берүү.

Эске салсак, "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоору мамлекеттик органдардын ишин эч кандай жасалмалуулуксуз, жетекчилердин кадимки иш күндөрүн реалдуу убакытта ЖМКлар аркылуу көрсөтүү максатын көздөйт. Бул долбоор аткаруу бийлигинин ачыктыгын чыңдоо жана мамлекеттик түзүмдөр менен коомдун ортосунда түз жана ачык-айкын диалогду түзүүнү көздөйт.