Жүрөк хирургиясы институтунда жылына 400гө чейин эң татаал операция жасалат

Ден соолук Загрузка... 01 Июль 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө ведомство башчысы балдар бөлүмүнүн иши менен таанышып, TAVI (аорта клапанын транскатетердик имплантациялоо) жогорку технологиялык операциясын ийгиликтүү өткөргөн бейтаптан кабар алды.

Ал бейтаптар жана алардын жакындары менен жеке баарлашып, калыбына келтирүү процесси тууралуу кеңири сурап, батырак сакайып кетишин каалады.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Жалил Шейшенов тубаса жүрөк кемтиги хирургиясы бөлүмүндө жаңы төрөлгөн ымыркайлардан баштап улгайган курактагыларга чейин медициналык жардамдын бардык түрү көрсөтүлөрүн белгиледи.

"Бул жерде өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген бейтаптар дарыланат, алардын негизги бөлүгүн бир жашка чейинки балдар түзөт. Бүгүнкү күндө биздин институт - республика боюнча салмагы аз ымыркайларга кардиохирургиялык жардам көрсөткөн жалгыз клиника. Мындай операциялардын өсүшү байкалууда: эгерде өткөн жылы жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жашоосунун биринчи айында жасалган операциялардын үлүшү 36%ды түзсө, үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч 43%га жетти.
Жакында эле биздин адистер үч күндүк ымыркайдын клапанын ачуу боюнча аз инвазивдик (денени чоң кеспей жасалуучу) операцияны өткөрүштү. Жалпысынан биздин бөлүмдө жылына 400гө чейин эң татаал операциялар жасалат", - деди Жалил Шейшенов.