Борбор Азиянын стратегиялык мааниси өсүп, көп өлкөлөр кызматташууга аракет кылууда - саясат таануучу

Пикир Загрузка... 03 Апрель 2025 15:54
WhatsApp Image 2025-04-03 at 12.32.15.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Акыркы 3-4 жылда Борбор Азиянын баалуулугу, стратегиялык мааниси өсүп, батыштан, чыгыштан, түндүктөн да көптөгөн өлкөлөр биздин чөлкөмгө кызыгып, түздөн-түз кызматташууга аракет кылууда. Бул тууралуу пикирин саясат таануучу Эмил Жураев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин эл аралык байланышта, саясатта Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрү башка чоң өлкөлөрдүн, державалардын геосаясатында, чоң стратегиялык кызыкчылыктарында көмөкчү гана ролго ээ болуп келген.

“Азыр биз геосаясат күчөп турган заманда жашап жатабыз. Борбор Азия чөлкөмүнүн Кытайга, Россияга жакын жайгашканы, Афганистанга чектеш болгону ар кайсы дүйнөлүк күчтөр, мамлекеттер тарабынан кызыкчылык туудурат. Андан тышкары, Борбор Азиянын өзүндө башка тараптарды кызыктуруучу энергетика, соода, айыл чарба, туризм жана башкар тармактар боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар. Аймактагы ар кандай ресурстарга, өнүгүү потенциялыбызга жараша кызыгуу жаратып жатканыбыз шексиз”,- деди саясат таануучу.

Белгилей кетсек, 3-4-апрель күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында "Борбор Азия – Европа Биримдиги" аталышындагы саммит өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин сайтына жарыяланды.

"Келечекке инвестиция салуу" урааны менен өткөрүлүп жаткан саммитте инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, "жашыл" энергетика, кен казып алуу тармагы, айыл чарба, транспорт, логистика жана санариптештирүү багытында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери көтөрүлөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин төрагалыгы алдында өтө турган саммитке Европа Кеңешинин президенти Антонио Кошта, Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Лейен, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышат.