Бостериде саркынды сууларды түз агызган эс алуу жайлары аныкталды

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-06-23 at 07.28.12.jpeg
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз саркынды сууларды агызгандарга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери туристтик милиция менен биргеликте Бостери айыл аймагында айрым жеке эс алуучу жайлар тарабынан саркынды сууларды мыйзамсыз агызуу жана таштандыларды жайгаштыруу эрежелерин бузуу фактыларын аныкташкан.

Мыйзам бузуулар боюнча "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин негизинде эки жаранга жеринде протоколдор түзүлүп, жалпысынан 15 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

WhatsApp Image 2026-06-23 at 07.28.11.jpeg