Дем алышсыз иш: Кыргызстандын мамлекеттик кызматкеринин портрети

Коом Загрузка... 23 Июнь 2026 18:25
2ec984b0-0795-4180-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Кыргызстанда жыл сайын 23-июнда Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленет. Акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу тутумуна санариптик технологиялар активдүү киргизилип, калк менен иштөө ыкмалары өзгөрүүдө, кызматкерлерди социалдык колдоо чаралары кеңейтилип, жаңы башкаруучу кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. "Кабар" агенттиги өзүнүн материалында бүгүнкү күндө мамлекеттик кызмат кандай иштеп жаткандыгы тууралуу айтып берет.

24/7 режиминдеги жумуш жана санариптик трансформация

Кыргызстандагы заманбап мамлекеттик кызматкер — бул "токто" деген сөздү билбеген адам. Маселен, "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында министрлер кабинети төрагасы Адылбек Касымалиевдин иш күнү эртең мененки саат 6:30да башталды. Ал журналисттерге эртең менен эң биринчи кезекте компьютерди күйгүзүп, кызматкерлер тарабынан даярдалган документтерди карап чыгарын айтты. Өкмөт аппаратынын жумушу дээрлик күнү-түнү иштөө режиминде жүрөт. Атүгүл иш сапарларында жүргөндө да анын жанында дайыма планшет болот, ал аркылуу маселелерди көзөмөлдөп, чечимдерди кабыл алат.

5318761816198421306.2e16d0ba.format-webp.fill-.width-800
"Кээде үйгө барганда да, кеч киргенде, түнкү саат 11-12ге чейин токтомдорду карап, кол коюуну улантам. Эртең менен келсең, жаңы документтер кайрадан өз кезегин күтүп турган болот", - деди Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Кабар" агенттигине санариптештирүү чечимдердин кабыл алынышын канчалык тездеткенин айтып берди.

852_M8t4sv1.width-800.png
"Маселе көтөрүлөт, ал боюнча тапшырма берилет, ошол эле күнү көзөмөлгө алынып, мөөнөттөрү белгиленет. Бул мөөнөттүн ичинде чечим кабыл алынат. Эгерде чечим кабыл алууда кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса, анда маселе сөзсүз түрдө телефон же электрондук байланыш каражаттары аркылуу чечилет. Бардык иш кагаздарын жүргүзүү электрондук форматка өттү. Мисалы, эгер мага түз эле бүгүн жазышса, кат дароо мага келип түшөт. Мен аны карап чыгып, жообун ошол замат кайра жөнөтөм. Мурда бир маселени чечүүгө 1 айга чейин убакыт кетсе, азыр бул эки күндө чечилет", - деп бөлүштү Амангелдиев.

Элге жакын: кабинеттик бюрократиядан баш тартуу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "Кабар" агенттигинин подкастында бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлерге жаңы талаптар коюлуп жатканын айтты.

"Азыркы талап – элге жакын, ачык, чечкиндүү болуу жана чечимдерди ыкчам кабыл алуу. Талап катуу коюлган: "Кабинетте отурбагыла, сыртка чыккыла, аймактарды кыдыргыла, эл менен жолугушкула". Кабинетте отуруп алып, элдин реалдуу жашоосун жана көйгөйлөрүн билүү кыйын. Анткени реалдуу жашоо – элдин арасында. Бүгүнкү күндө мындай милдеттер бардык министрлердин жана жетекчилердин алдына коюлган", - деп белгиледи Маматканов.
1e9e9bc9-702f-42c8-9946-2ad9957aec34.width-800

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев бул ыкманы иш жүзүндө тастыктап келет. Ал жумушчу кабинетинде сейрек болот, аймактардагы кызматкерлер менен жеке жолугушууну жана учурдагы процесстерди көзөмөлдөөнү туура көрөт.

"Үч айдын ичинде өз кабинетимде эң көп дегенде 11-12 күн болдум. Калган убакыттын баарында жер-жерлерде болуп, жумуштун жүрүшүн жеке өзүм көзөмөлдөп жатам. Бул зарыл, анткени курулуш жана аткаруу иштеринин жүрүшүндө дайыма ар кандай суроолор жаралып турат", - деди Канатбек Чыныбаев.

Стажердон жетекчиге чейин: кесипке карай жол

Бүгүнкү күндөгү жетекчилердин көбү ишти эң төмөнкү тепкичтен башташкан. Данияр Амангелдиев стажерлуктан баштап министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына чейинки жолду басып өткөн.

"Кызматка келгенде улуу кесиптештериңди карап, алардын жүрүм-турумуна, кабыл алган чечимдерине байкоо саласың, андан кийин ал чечимдердин артынан кандай жыйынтыктар болгонун көрөсүң. Тажрыйба топтойсуң. Университетте окуп жүргөндө менин мындай өзгөчө кыялдарым болгон эмес. Менин кыялдарым бизнеске багытталган болчу жана чынын айтсам, мамлекеттик кызматта иштөө ойдо да жок эле. Мага: "Жөн эле бош жүрбөй, кел, бизге стажер катары жардам бер", - дешти. Акырындап, стажердон баштап, почта каттарын ташып жүрдүм. Кийинчерек 3-4 ай окуп, кайсы адис кайсы маселенин куратору экенин билип калдым. Бара-бара бул жумушка өзүмдүн да кызыгуум артты", - деп айтып берди ал.
Snimok_ekrana__J0gnpyO_yxujhg9.max-2560x1440.format-we.width-800

Улан Маматканов да өзүнүн тарыхы менен бөлүштү. Анын карьерасынын башында, 2005-2006-жылдары айлыгы болгону 600 сомду түзгөн. Социалдык коргоо департаментинде иштеп жүрүп, Бишкектеги магистратурага тапшырган, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам окуусун токтото турууга жана Россияга мигрант болуп кетүүгө мажбур болгон.

"Ал жакта бир жылга жетпеген убакыт иштедим. Ал убакта Россиядагы досторум мага жеке ишкердик чөйрөсүндө абдан жакшы сунуштарды киргизишти. Мен өзүмдү бул тармакта да сынап көрдүм, бирок бул меники эмес экенин түшүндүм. Менин ордум, албетте, мамлекеттик кызматта экен. Кийин бул жактан чакыруу келип, мен "Кош бол, Москва!" деп, кайтып келип, мамлекеттик кызматымды уланттым", - деп эскерди Маматканов.
bb9122cf-8806-48e0-a4cf-bd7ca8996666.width-800

Социалдык кепилдиктер: айлыктар жана турак жай

Бийлик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин социалдык жактан корголушун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев эске салды.

"2022-жылдан бери Кыргызстанда эмгек акы төлөө тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатат, анын жыйынтыгында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орто эсеп менен 110 пайызга, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 пайызга жогорулады. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн берилүүчү үстөктөрдү 50 пайызга чейин жогорулатуу, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдү киргизүү каралган.
Кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу да кем эмес маанилүү багыт болуп саналат. "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында миңдеген кызматкерлер өздөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кызматкерлерди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштер улантылат", - деп билдирди кабминдин башчысы.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев "Кабар" агенттигине берген маегинде өзү Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу алынган батирде жашай турганын жана материалдык баалуулуктарды жашоодогу башкы артыкчылык деп эсептебесин айтты.

WhatsApp_Image_2026_C5kRZdo.2e16d0ba.format-we.width-800
"2019-жылы МИК аркылуу 3 бөлмөлүү батир сатып алгам, учурда ал жерде үй-бүлөм менен жашайм. Бул 3 бөлмөлүү батирде төртөөбүз турабыз: мен, жубайым жана эки кызым. Ипотеканын ай сайын төлөнүүчү акысы 11 миң 135 сомду түзөт, аны 2034-жылга чейин төлөө керек. Атам мамлекеттик кызматкер, апам болсо мугалим, ошондуктан мен материалдык баалуулуктар эч качан биринчи орунга коюлбаган чөйрөдө чоңойгом. Өзүм да эч качан акчанын артынан кууган эмесмин, алар мен үчүн биринчи орунда эмес. Айлык мага жана үй-бүлөмө жашоого кенен жетет. Материалдык баалуулуктар экинчи планда калышы керек деп эсептейм. Ал эми биринчи орунда мамлекетке кызмат кылуу турушу абзел", - деп бөлүштү Чыныбаев.

Башкаруучулардын жаңы муунун даярдоо

Адылбек Касымалиев заманбап мамлекеттик жана муниципалдык кызмат билимди дайыма жаңылап турууну жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүнү талап кыларын белгиледи.

Бул багытта 2025-жылы өзгөчө макам берилген президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына өзгөчө роль берилет.

Ал бүгүнкү күндө академия өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерин ишке ашыруу үчүн башкаруучу кадрлардын жаңы муунун даярдоочу негизги институтка айланып жатканын баса белгиледи.

"Биз кесипкөй билим, заманбап компетенциялар жана мамлекеттик ой жүгүртүү натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизи экенине терең ишенебиз", - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.
a7f4ed8e-918c-4dbd-8171-f8fe4eec860b.width-800

Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жумушу кызматтык милдеттерди аткарууну гана эмес, чечимдерди ыкчам кабыл алууну, аймактарга чыгууну, санариптик куралдарды колдонууну жана квалификацияны дайыма жогорулатууну талап кылат. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү белгилегендей, башкаруу тутумун модернизациялоо менен бирге мамлекеттик кызматтын шарттарын жакшыртуу жана кадрларды даярдоо боюнча иштер улантылууда.