Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Анда өзгөчө көңүл келечектүү инвестициялык демилгелерге бурулду. Атап айтканда, инвесторлорго Чүй облусунун Шамшы айылынан Шамшы капчыгайы аркылуу Токмок шаарына чейин альтернативдик автожол куруу долбоору сунушталууда.
Бул долбоорду ишке ашыруу Кочкор менен Токмоктун ортосундагы учурдагы аралыкты дээрлик эки эсеге – 125 чакырымдан 55-60 чакырымга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, жаңы транспорттук артерия акы төлөнүүчү жол катары колдонулушу мүмкүн жана келечекте Чүй облусунан Нарын облусуна магистралдык газ түтүгүн тартуу үчүн даяр коридор болуп калышы ыктымал.