Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Бишкек шаарындагы "Жаштык арена" спорттук комплексинде 7 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда профессионалдык бокс боюнча ири эл аралык кече өтөт.
Уюштуруу комитети билдиргендей, турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Таиланд жана Кубадан келген боксчулар катышат.
Иш-чаранын башкы окуясы — дүйнөлүк бокстун легендалары, эки салмак категориясында дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд жана Олимпиада чемпиону, WBA версиясы боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Александр Поветкиндин келиши болмокчу. Алар мелдешке ардактуу конок катары гана катышып, рингге чыгышпайт.
Ошондой эле Борбор Азиянын жылдыздары — Сидней Олимпиадасынын (2000) чемпиону, өзбекстандык белгилүү боксчу Мухаммадкадыр Абдуллаев жана 2008-жылдагы Олимпиаданын коло байге ээси, казакстандык Канат Ислам да ардактуу конок катары чакырылган.
Турнирдин алкагында 8 беттеш жана 2 титулдук марафон өтөт. Атап айтканда, Жогорку Кеңештин төрагасынын атайын куру үчүн кыргызстандык Ыктыяр Нышанов россиялык Михаил Тарханов менен кез келет. Ал эми Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын куру үчүн кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Таиланддын тажрыйбалуу мушкери Пайом Кампи менен беттешет.
Мындан сырткары, турнирдин алкагында 6 рейтингдик беттеш уюштурулат.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай эл аралык мелдештер ата мекендик спортчулардын тажрыйбасын арттырып, Кыргызстандын дүйнөлүк бокс аренасындагы позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.