Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында Өзбекстан менен Португалиянын курама командалары беттешет.
К тайпасындагы командалардын экинчи турдагы оюну Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө АКШнын Хьюстон шаарындагы 71 миң көрүүчү бата турган Эн-Эр-Жи Стэдиум стадионунда өтөт.
Беттештин башкы калысы марокколук Жалал Жайед болот, ага Закария Бринси менен Абонгиле Том жардам берет.