27-январь күнү саат 11:00дө түз эфирде "Элден собол" берүүсү болот.
Тема: Ысырапкорчулукка каршы күрөш: бул ирет майнап чыгабы?
Суроолорго мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм институтунун профессору Аскарбек Беделбаев жооп берет.
Эгер сизде той-аштагы ысырапкорчулукка байланыштуу суроолор болсо, комментарийге калтырыңыз. Биз түз эфирде жооп алып беребиз.
Эфир “Кабар” маалымат агенттигинин ютуб жана фейсбук баракчаларында көрсөтүлөт.
#кабар #элденсобол