Эрлист Акунбеков Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери менен жолукту

Министрлер кабинети Загрузка... 24 Июнь 2026 19:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян менен жолукту. 

Жолугушууда тараптар буга чейин эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушууларында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарында мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилгенин белгилөө менен жаңы ишке ашырыла турган маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Анда минкаб төрагасынын орун басары катары Кытайга биринчи жолу иш сапары менен келгенин айткан Эрлист Акунбеков, кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө чыгып жатканын белгиледи. 

“Кыргызстан Кытай менен болгон ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайт. Биздин өлкөлөрдүн лидерлери — президент Садыр Жапаров жана төрага Си Цзиньпин — жеке ишенимге негизделген мамиледе. Чыныгы достук кырдаалда өткөн жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз жолугушуулар мамлекеттерибиздин ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн динамикалуу мүнөзүн далилдейт”, — деди минкаб төрагасынын орун басары. 

Жолугушууда негизинен, эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын саясий эрки жана жеке колдоосунун аркасында “Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында үчүнчү “Бедел” чек ара бекетинин ачылышы, "Барскоон – Бедел – Үчтурфан – Аксу" унаа жолунун курулушу сыяктуу долбоорлордун ишке ашырылышы, эки өлкөнүн транспорттук байланышын бекемдөө жана соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзүүгө багытталганы белгиленди. 

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, “КЭРдин СУАР аймагы чоң аймактардын бири. Бул аймак аркылуу Кыргызстан менен өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшайбыз жана бекеттердин үзгүлтүксүз иштешине кызыкдарбыз. Ошондой эле кызматташуунун жаңы багыттары боюнча активдүү иш алып барууга кытай тарап даяр”, - деди ал. 

Тараптар бүгүнкү жолугушууда каралган маселелерди жакында боло турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында жана Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюуга жетишүү зарылдыгы макулдашылды.