Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) "Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү" инвестициялык бизнес-форумунун ачылышына катышты.
Амангелдиев Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы мезгилинде ишкердик байланыштарды активдештирүү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча комплекстүү план ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бул иштин ийгиликтүү мисалы катары май айында Ысык-Көлдө өткөн регион башчыларынын V Форуму жана боордош шаарлардын жолугушуусу болду, ал эми төрагалыктын негизги окуясы ушул жылдын сентябрь айында Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын юбилейлик саммити болот.
Данияр Амангелдиев 10 өлкөнү, 3,4 миллиарддан ашык калкты, болжол менен 30 триллион АКШ долларына барабар ИДПны жана дүйнөлүк айыл чарба өндүрүмүнүн 38%ын бириктирген уюмдун стратегиялык масштабын белгиледи. Акыркы төрт жылда жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүнүн аркасында Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү эки эседен ашык өстү. Аймактык артыкчылыктар катары минкаб башчысынын биринчи орун басары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну атады.
Ал Кыргызстандын ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктады жана санариптик соода, жашыл энергетика, логистика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай кооперациясы жана саламаттыкты сактоого басым жасоону сунуштады.
Форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча ырааттуу реформалары тууралуу маалымдалды. Акыркы 5 жылда өлкөнүн орточо жылдык экономикалык өсүшү 10%га жакын, 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11%га, ал эми 2026-жылдын 5 айында – 12,2%га жетти.
Мындан тышкары, Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн негизги драйверлери кеңири тааныштырылды. Данияр Амангелдиев технологиялык сектордун динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, өлкө IT-бизнес үчүн келечектүү аянтчага айланып баратканын баса белгиледи. Акыркы он жылда IT кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйдү, ал эми 2025-жылы сектордун кирешеси 195,4 млн АКШ долларына жетип, жылына 50% өсүүнү көрсөттү. Ал "жашыл" экономиканы, саламаттык сактоо тармагын, ошондой эле туризмди өнүктүрүүнү мамлекеттик саясаттын дагы бир маанилүү артыкчылыгы деп атады.
Данияр Амангелдиев Кыргызстандын тоо экосистемаларын коргоо боюнча глобалдык демилгелерине өзгөчө көңүл буруп, ШКУ өлкөлөрүн 2027-жылы "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине жана ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин республикада өтө турган VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.
Сөзүнүн аягында ал ШКУ мамлекеттеринин алдында экономикалык кызматташтыктын жаңы, туруктуу жана инновациялык архитектурасын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк ачылып жатканын белгиледи. Кыргызстан узак мөөнөттүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр ишенимдүү, ачык жана болжолдуу өнөктөш бойдон каларын ырастады.