Евробиримдик Борбор Азия менен глобалдык маселелер боюнча кызматташууга басым жасоодо – саясат таануучу

Пикир Загрузка... 04 Апрель 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-04-04 at 12.48.18.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Европа биримдиги Борбор Азия менен биргеликте глобалдык маселелер боюнча кызматташууга басым жасоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу, Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов билдирди.

Анын айтымында, Европа биримдиги өзүнүн тышкы саясатынын алкагында “Глобалдуу көпүрө” долбоору аркылуу 2027-жылга чейин 300 млрд евро өлчөмүндөгү каражатты инвестицияга жумшоону чечкен. Мында инвестициялардын артыкчылыктуу багыттарына транспорт, жаратылыш ресурстары, энергетика, санариптештирүү жана экологиялык жактан таза өндүрүштү өнүктүрүү кирет.

“Самаркандда Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана Европа биримдиги ушул өлкөлөргө гана тиешелүү эмес, дүйнөлүк коомчулукка байланышкан глобалдык маселелерди талкуулап жаткандыктан, саммиттин маанилүү иш-чаралардын бири экендигин көрсөтүп жатат. Европа биримдиги өзүнүн тышкы саясатын бир катар багыттарда жүргүзүп келет. Евробиримдик транспорт, энергетика, санариптештирүү жана жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурууда. “Глобалдуу көпүрө” долбоорунун алкагында 2027-жылга чейин 300 млрд евро өлчөмүндөгү каражатты инвестицияга жумшоону чечкен. Ошондуктан Борбор Азия глобалдык жана аймактык саясатта Европа биримдиги сыяктуу эле маанилүү орунду ээлей тургандыгын тастыктап жатат”, - деди ал.

Ошондой эле Бакыт Жумагулов белгилегендей, Европа Борбор Азия өлкөлөрү менен коопсуздук, терроризм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү маселелеринде кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатат.

“Европа Борбор Азия мамлекеттери менен терроризм, коопсуздук, мыйзамсыз миграция маселеллери боюнча кызматташууга басым жасап жатат. Анткени Европа өлкөлөрү бул багытта тажрыйбасы бар, ошол эле маалда каражаты да жетиштүү. Мындан улам алар ушул маселелерди чечүү үчүн биргеликте иш алып барууну көздөөдө. Бул маселелер Борбор Азияга же Европа өлкөлөрүнө эле эмес, глобалдык коомчулукту байлыныштырып жатат. Кыргызстан үчүн да бул багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү болуп саналат”, - деп кошумчалады серепчи.

Белгилей кетсек, бүгүн Самарканд шаарында “Борбор Азия – Европа биримдиги” биринчи саммити өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, ошондой эле Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта катышууда.