Бишкек, 28.04.26 /Кабар/. Европада акыркы жылдары экстремалдуу ысыктан улам өлүм саны туруктуу өстү. Бул тууралуу The Lancet журналында жарыяланган изилдөөгө таянып, Казинформ билдирди.
Изилдөөгө ылайык, 2015–2024-жылдары Европанын 99,6% аймагында ысыкка байланышкан өлүмдөр 1991–2000-жылдарга салыштырмалуу көбөйгөн. Атап айтканда, 1 миллион адам жашаган жерде жылына орто эсеп менен 52 адам ысыктан каза болору аныкталган. Айрым аймактарда, айрыкча Испания, Италия, Греция жана Болгарияда бул көрсөткүч 120 учурдан ашкан.
Акыркы он жылдыктарда экстремалдуу ысык боюнча эскертүүлөр берилген күндөрдүн саны да 318%га өскөн. Эң жогорку өсүш Батыш Европада, анын ичинде Германияда байкалган (450%).
Окумуштуулар бул көрүнүштү климаттын өзгөрүшү менен байланыштырууда. Жылуулуктун эрте башталышы аллерген өсүмдүктөрдүн гүлдөө мезгилин эртелетип, аллергиясы бар адамдар үчүн көйгөйлөрдү күчөтүүдө.
Мындан тышкары, Европада тропикалык жугуштуу оорулардын коркунучу да жогорулап жатат. Чиркейлердин таралуу аймагы кеңейип, денге вирусуна чалдыгуу коркунучу дээрлик 300%га көбөйгөн.
Ошондой эле адистер Эль-Ниньо феномени 2026-жылдын аягына чейин кайра пайда болушу мүмкүн экенин эскертип, ал дүйнө жүзүндө сел, кургакчылык жана рекорддук ысыктарга алып келиши ыктымал экенин белгилешүүдө.