Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кир Стармер Улуу Британиянын премьер-министри жана Эмгекчилер (Лейбористтер) партиясынын лидери кызматынан кетти.
АЗЕРТАЖ агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу Кир Стармер Даунинг-стриттеги резиденциясынан жасаган билдирүүсүндө айтты.
Ал Эмгекчилер партиясынын улуттук аткаруу комитетинен партия лидерин шайлоо графигин бекитүүнү суранган. Анын айтымында, талапкерлерди көрсөтүү процесси 9-июлда башталат.
Стармер бул кадам сентябрь айында парламенттин иши кайрадан жандангыча Эмгекчилер партиясынын жаңы лидерин аныктоого мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Жаңы лидер партияны да, өкмөттү да жетектейт деп күтүлүүдө.
Кир Стармердин кызматтан кетүүсү акыркы күндөрү Лейбористтер партиясынын ичиндеги нааразычылыктардын күчөшү жана жетекчиликти алмаштыруу чакырыктарынын алкагында орун алды.
Саясий серепчилер Чоң Манчестердин мэри жана жакында эле парламенттин мүчөсү болуп шайланган Энди Бернхемди Эмгекчилер партиясынын лидерлигине негизги талапкерлердин бири катары эсептешет.
Эске салсак, Кир Стармер Эмгекчилер партиясын 2024-жылдагы жалпы шайлоодо жеңишке жеткирип, премьер-министр болгон.