Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.
Делегация улуттук валюта чыгарылган зээрканага, басма продукцияларды мукабалоо жана басма цехтерине барып, андан ары акциздик маркаларды, мамлекеттик маанидеги документтерди, атайын мамлекеттик бланктарды, мамлекеттик каттоо номерлерин даярдоо процесстери менен таанышты. Мындан тышкары күйүүчү майды маркировкалоо жана сапатын текшерүүчү жабдуулар көрсөтүлдү.
Того министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе өндүрүштүн деңгээлине канааттануусун билдирип, чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жогору баалады. Ал Кыргызстан кыска убакыттын ичинде эле сапаттын жана коопсуздуктун эл аралык талаптарына жооп берген заман талабындагы өндүрүш түзө алганына токтолду. Анын айтымында, “Учкун” ААК базасында ишке ашырылган чечимдер мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу жана алдыңкы технологияларды киргизүү жаатында өлкөнүн потенциалы жогору экенинин далили.
Мындан тышкары, Того министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе “Учкун” ААК менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле Того тарап ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, паспортторду жана улуттук валютаны чыгарууга буюртма берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин айтты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номерлери, айдоочулук күбөлүктөр, жалпы жарандык паспорттор, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана башка мамлекеттик маанидеги басма продукциялары толугу менен “Учкун” ишканасында даярдалат.
Андан соң делегация “Кызмат” мамлекеттик мекемесине барып, ал жерде калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана ишке ашырылып жаткан ири санариптик долбоорлор тууралуу маалымат алды.