Худжанддагы жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграция жолуна таштаган биринчи кадамы – саясат таануучу

Пикир Загрузка... 31 Март 2025 15:50
WhatsApp Image 2025-03-31 at 12.08.53.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Худжанддагы жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграция жолуна таштаган биринчи кадамы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу, Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов билдирди.

Ал белгилегендей, тараптардын мындай жолугушуусу стабилдүүлүккө жана аймактын өнүгүү жолуна өбөлгө түзөт.

“Худжанддагы жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграция жолуна ташталып жаткан биринчи кадам деп эсептесек болот. Бул иш-аракеттер Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Фергана өрөөнүнүн тынчтык жолго өтүүсү стабилдүүлүккө жана өнүгүү жолуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан элине жакшы жыйынтыктарды алып келет. Бара-бара өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыктын артышын шарттайт. Ошону менен бирге Борбор Азия мамлекеттери коопсуздук жактан геосаясий күчкө айлануусуна салым болот деп баамдай алабыз”, - деп айтты саясат таануучу.